Кыргызстанда 520 миң 244 жаран (71%) пенсиясын коммерциялык банктар аркылуу алат. Бул тууралуу 26-июлда Бишкекте өткөн маалымат жыйынында Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев билдирди.
Анын айтымында, "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасынын филиалдары аркылуу 207 миң 920 адам пенсия алат.
Кошумчаласак, 2022-жылдын 1-июлуна карата республика боюнча пенсия алуучулардын саны 728 миң 164 адамды түздү.