Кыргызстанда эки миллион жакыр адам кирешелеринин 70% тамак-ашка жумшашат. Бул тууралуу БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директору Андреа Баньоли Бишкекте өткөн азык-түлүк тутумдарынын саммитинде билдирди.
Анын айтымында, пандемия социалдык коргоо тутуму аялуу катмарды колдоого даяр эместигин көрсөттү жана ал Кыргызстандын калкын мисал келтирди.
2020-жылга Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, жакырлардын жалпы санынын 58% дан ашыгы Жалал-Абад, Ош жана Чүй облустарында жашаган. 2020-жылы республиканын аймагында 0-17 жаштагы 833,9 миң бала же 31,8% жакырчылык шарттарында жашаган.
2020-жылы 1 миллион 678 миң адам жакырчылыктын чегинде жашайт, анын 73,7% айылдагы калктуу конуштардын жашоочулары.