Өлкөдө микрокредиттердин көбүн Ош облусу алат

22.08.2023, 11:09 Акчабар
Өлкөдө микрокредиттердин көбүн Ош облусу алат

Ушул жылдын биринчи жарымында микрокредиттик уюмдардын кызматынан 350 миңге жакын адам пайдаланган. Алар 24 млрд сомго (+ 35,5%) микрокредит алышкан. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет билдирди.

Микрокредит алуучулардын басымдуу саны Ош (алуучулардын жалпы санынын 21%га жакыны) жана Жалал-Абад (17%тен ашыгы) облустарына, ошондой эле Бишкек шаарына (16%га жакын) туура келген.

"Микрокредиттердин эң көп көлөмү Бишкек шаарынын (берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 19%дан ашыгы), Ош (17%), Чүй жана Жалал-Абад (ар бири 15,8%) облустарындагы алуучуларга берилди", — деп айтылат Улуттук статистикалык комитеттин маалыматында.

Жылдын биринчи жарым жылдыгында берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн дээрлик 46% керектөө муктаждыктарына, 25%дан ашыгы айыл чарбасын өнүктүрүүгө, 12%га жакыны соодага жана коомдук тамактанууга, 5%дан ашыгы курулушка багытталган.

Тэги: новости Кыргызстана микрокредитки

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу