ЕАЭБде товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө керектөө бааларынын индекси январь-ноябрь айларында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 114% түздү. Мындай маалыматтар ЕЭК тарабынан берилди.
Мында баалар эң көп Беларуста жана Казакстанда, тиешелүүлүгүнө жараша 15,4% жана 14,5%га жогорулаган. Андан кийинки орунда Орусия – 13,9% жана Кыргызстан – 13,8% турат.
Арменияда баалар баарынан эң аз - 8,7%га өскөн.
"Кыргызстанда азык-түлүк товарларына баа 16,3%га, азык-түлүк эмес товарларга 10,9%га, акы төлөнүүчү кызматтарга 9,8%га кымбаттады", - деп белгиледи ЕЭК.