Жарым жылдын ичинде 118 миңден ашуун жүргүнчү кыргыз темир жолун пайдаланды. Бул тууралуу аталган ишканасынын расмий сайтында жазылды.
2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жүргүнчүлөрдүн саны 46 миңден ашуун адамга көбөйгөн.
Мындан тышкары, 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча 3,4 млн тонна жүк поезд менен ташылган, бул 2020-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 9% га көп.