Кыргызстанда көбүнчө тейлөө тармагынын ишкерлери мамлекеттик органдарга даттанышат

30.05.2022, 13:12 Акчабар
Кыргызстанда көбүнчө тейлөө тармагынын ишкерлери мамлекеттик органдарга даттанышат

Кыргызстанда, Бизнес-акыйкатчы институтунун маалыматы боюнча, көбүнчө тейлөө тармагынын ишкерлери мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүдөгү кыйынчылыктарга даттанышат.

Алар 2021-жылы институтка келип түшкөн 25% же 32 арызды түзгөн. Экинчи орунда өндүрүш тармагы, үчүнчүдө - соода. Азыраак, бирок тоо-кен тармагынын өкүлдөрүнө нааразылык 13%ды түзөт.

Ошол эле учурда, ушул эле отчетко ылайык, институтка келип түшкөн арыздардын 61% Бишкек шаарынын ишкерлери тарабынан, эң азы Талас жана Баткен облустарында, жалпысынан 1%дан түшкөн.

Кошумчаласак, 2021-жылы Бизнес-акыйкатчы институтуна ишкерлер тарабынан 126 даттануу түшкөн, анын ичинен 76 арыз критерийлерге жооп берилип, андан ары кароого кабыл алынган, 49 арыз критерийлерге жооп бербегендигин жана андан ары кароого кабыл алынбаган, бир арыз кайра кайтарылып алынган. Бизнес-акыйкатчы институту ачылгандан бери жалпысынан ишкерлерден 194 арыз түшкөн.

Тэги: бизнес-омбудсмен Кыргызстан бизнес жалобы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу