Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, 2023-жылдын башынан бери казылып алынган пайдалуу кендердин иш жүзүндөгү наркы 7 миллиард 276 миллион 716,3 миң сомду түздү.
2022-жылдын ушул эле мезгилине карата көрсөткүч акчалай түрдө 12,3%га төмөн. Мында 2023-жылы физикалык мааниде пайдалуу кендерди өндүрүүнүн өсүшү 18,9% түздү.
Белгилеп кетсек, тоо кендерин казып алуунун көлөмүн көбөйтүү металл рудаларын өндүрүүнү көбөйтүүнүн эсебинен камсыз болгон.