Алгач ирет Кыргызстанда кен казуучу компания биржа аркылуу акцияларын сатты. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.
Белгилеп кетсек, буга чейин тоо-кен тармагындагы бир дагы компания ата мекендик биржага чыга элек болчу.
Ачык булактардан алынган маалыматтарга ылайык, “Аймактык инвестициялык корпорация” баалуу металл кендерин казып алуу, байытуу менен алектенет жана чет өлкөлүк катышуучу компания болуп саналат.
Компания 22-апрелде Кыргыз фондулук биржасында дебют жасап, 12,5 млн сомго жөнөкөй акцияларын жайгаштырган. Бүтүм биринчилик рынокто ишке ашкан, ошого жараша компаниянын уставдык капиталы да ушундай эле суммага көбөйгөн.