Кыргызстан темир өндүрүүчү өзүнүн заводдорун кургусу келет

25.11.2022, 13:52 Акчабар
Кыргызстан темир өндүрүүчү өзүнүн заводдорун кургусу келет

Президент Садыр Жапаров бийлик темир рудасын иштетүүгө жана руданы кайра иштетүүчү фабрикаларды курууга ниеттенип жатканын билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн, 25-ноябрда өтүп жаткан Биринчи элдик курултайда айтты. 

“Биз өзүбүздүн темир кендерибизди пайдаланып, темирди сырттан сатып алуунун ордуна заманбап темир рудасын кайра иштетүүчү жана продукция чыгаруучу заводдорду куруп, өлкөбүздө темир жолдорду, ГЭСтерди жана бардык объектилерди курууну көздөп жатабыз. Себеби, бүгүнкү күндө темир сатып алуу үчүн жылына миллиондогон доллар коротушат”, - деди ал. 

Мамлекет башчы темир сатып алууга бюджеттен миллиондогон долларлар жумшалып жатканына токтолду. 

“Эгерде биз бул каражатка заманбап темир рудасын кайра иштетүүчү комбинат кура алсак, анда биз өлкөбүздөн ири каражаттардын агып чыгышын токтотуп эле тим болбостон, экспорт аркылуу мамлекеттин казынасына олуттуу киреше алып келебиз”, - деп баса белгиледи. 

 

Тэги: Президент Садыр Жапаров железнодорожная отрасль производство железа промышленное производство

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу