Бизнес чөйрө милдеттүү түрдө накталай эмес төлөмдөрдүн чегин жогорулатууга үндөдү. Улуттук банк өз кезегинде 100 миң сомдон жогору эсептешүүлөрдү накталай эмес түрдө жүргүзүүнү сунуш кылды. Бул тууралуу накталай эмес эсептешүүлөр жөнүндө мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда айтылды, деп билдирет эл аралык ишкерлер кеңеши.
[жаңылыктар 33084]
Мыйзам долбоорунун максаты - нак эмес жүгүртүүнүн үлүшүн көбөйтүү менен каржы рыногун өнүктүрүү. ЭИКтин башчысынын орун басары Дастан Иманалиевдин айтымында, бул көмүскө экономиканын деңгээлин төмөндөтүү менен бюджетке салыктык кирешелерди көбөйтүүгө жардам берет.
Мындан тышкары, нак эмес эсептешүүлөрдүн ченинин жогорулашы төмөнкүлөргө жардам берет: