Кыргызстан чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү лицензиясынын мөөнөтүн узарткысы келет

13.04.2021, 09:14 Акчабар
Кыргызстан чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү лицензиясынын мөөнөтүн узарткысы келет

Кыргызстандын Улуттук банкы "КР УБнын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" долбооруна жөнгө салуучу таасирдин талдоосун жүргүзөт. Кызыкдар тараптар өз сунуштарын айта алышат. Бул тууралуу мекеменин сайтында маалымдалды.

[жаңылыктар 33947]

Долбоор Улуттук банктын турак жай-аманат кредиттик компанияларынын, микрокредиттик компаниялардын жана микрокредиттик агенттиктердин, кепилдик фонддорунун жана алмашуу бюролорунун ишин лицензиялоого жана жөнгө салууга байланыштуу ченемдик укуктук актыларынын талаптарын өркүндөтүүгө багытталгандыгы белгиленди.

Атап айтканда:

  • нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия алууда айрым документтерди тизмеден алып салууга;
  • нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензиянын колдонуу мөөнөтүн көбөйтүү;
  • микрокредиттик компанияларга жана агенттиктерге филиалдарын ачпастан түзүмдүк бөлүмдөрдү ачуу мүмкүнчүлүгүн берүү.
  • [жаңылык 34003]
  • Мындан тышкары, ченемдик укуктук актылар долбоору Улуттук банктын талаптарын Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык келтирүүнү карайт.

Тэги: иностранная валюта деньги обменные операции обменное бюро Нацбанк

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу