Кыргызстан электрондук эмгек китептерин киргизүүнү каалайт

28.04.2021, 15:30 Акчабар
Кыргызстан электрондук эмгек китептерин киргизүүнү каалайт

Кыргызстан электрондук эмгек китептерин киргизүүнү каалайт. Алдыда боло турган банк тутумун санариптештирүү маселеси талкууланган банк секторунун өкүлдөрү менен болгон жолугушуудан кийин Улукбек Марипов мамлекеттик органдарга жана банк секторунун өкүлдөрүнө мындай долбоорду ишке ашыруунун концепциясын иштеп чыгууну тапшырды, деп билдирди өкмөттүн басма сөз кызматы.

Ошондой эле, жыйында премьер-министр Улукбек Марипов өкмөттүн банк тутумун санариптештирүү боюнча олуттуу реформаларды жүргүзүү ниетин билдирди.

Банк секторунун өкүлдөрү өз кезегинде, мамлекеттик органдар менен иштөөдө банктарды санариптештирүүгө жолтоо болгон башкы тоскоолдук бюрократия маселеси жана өз ара аракеттенип жаткан бирдиктүү мамлекеттик агенттиктин жоктугу экендигин белгилешти. Мындан тышкары, банк секторунун өкүлдөрү "Түндүк" мамлекеттик ишканасынын иши боюнча бир катар сын-пикирлерин билдиришти.

Өз кезегинде премьер-министр "Түндүк" тутумунун иштөө ыкмалары толугу менен кайра каралат деп ишендирди.

Тэги: экономика трудовая книжка банковский сектор Улукбек Марипов премьер-министр

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу