Кыргызстанда коронавируска каршы вакцина өндүрүүчү завод курулушу мүмкүн

16.07.2021, 12:30 Акчабар
Кыргызстанда коронавируска каршы вакцина өндүрүүчү завод курулушу мүмкүн

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова "Тынчтык үчүн саякат" Пекин маданий алмашуу борборунун төрагасы Шао Чаньчунь менен жолугушууда Кыргызстандын аймагында коронавирус инфекциясына каршы вакцина өндүрүү боюнча заводду куруу маселеси талкууланды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

Жолугушууда Бакашова жагымдуу ишкердик чөйрөнү түзүү жана чет элдик инвесторлордун кызыкчылыктарын коргоо министрлер кабинетинин артыкчылыктуу милдеттеринин бири экендигин белгиледи.

"Мамлекеттин саясаты ишкердүүлүктүн эркиндигин, ишкердик жүргүзүү үчүн туруктуу жана кепилденген шарттарды, ошондой эле жеке менчиктин кол тийбестигин камсыз кылуу принциптерине негизделген", - деди Жылдыз Бакашова.

 

Тэги: коронавирус борьба с коронавирусом экономика Китай Пекин

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу