Кыргызстан менен Корея текстиль боюнча санариптик технологиялар борборун түзүшөт

01.12.2022, 09:40 Акчабар
Кыргызстан менен Корея текстиль боюнча санариптик технологиялар борборун түзүшөт

Экономика жана коммерция министрлиги Кореянын Боёк жана дизайн технологиялары институту менен биргеликте “TASK” долбоорун ишке ашырууда. Бул долбоор Кыргызстандын текстиль жана тигүү ишканаларына өндүрүш технологиясын өркүндөтүү жана тигүү тармагында көмөк көрсөтүүнү, кореялык жана кыргыз компанияларынын тармагын түзүүнү максат кылат. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Экономика министринин орун басары Канат Абдрахманов Кореянын DYETEC боёк жана дизайн технологиялар институтунун өкүлдөрү менен жолугушту.

“Жолугушуунун жүрүшүндө министрдин орун басары корей тараптын өкүлдөрү менен “Кыргызстанда 2024-2028-жылдарга туруктуу текстиль өнөр жайын өнүктүрүү үчүн текстиль өндүрүшүнүн санариптик технологиялары боюнча кызматташуу боюнча кыргыз-корей борборун түзүү” долбоорун талкуулады. Алдын ала бюджет 8 млн долларды түзөт”, - деп белгиледи Экономика министрлиги. 

Аталган долбоор Кореянын илимий мекемелери менен биргеликте даярдалары белгиленген. 

“Долбоордун максаты – санариптик текстиль өндүрүшүнүн технологиялык мүмкүнчүлүктөрүн бекемдөө жана экологиялык жактан таза жеңил өнөр жайынын келечеги үчүн инфраструктураны жана системаны куруу. Кыргызстанда санарип текстиль өнөр жайын өнүктүрүүнүн аркасында баалуу өнүмдөрдү чыгарууга, технологдордун, менеджерлердин жана тигүүчүлөрдүн квалификациясын жогорулатууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул өндүрүш көлөмүнүн өсүшүн, бизнестин кирешесин кеңейтүүгө багытталат. Долбоордун ишке ашуусунда аялдар жумуш менен камсыз болуп, жаңы жумуш орундары түзүлөт”, - деп айтылат маалыматта. 

 

Тэги: новости Кыргызстана DYETEC

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу