Кыргызстандын аймагында көмүрдүн баасына убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди. Тиешелүү чечимге Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду.
Мындай чечим көмүрдүн баасынын өсүү темпин кармап туруу, 2021/2022-жылдагы күз-кыш мезгилинен өтүүдө калкты көмүр менен өз убагында туруктуу камсыз кылуу максатында кабыл алынган.
Көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу максималдуу бааны белгилөө менен 90 календардык күндүк мөөнөткө киргизилди.