Булганган абага кеткен чыгым 300 млн доллардан ашты

31.10.2022, 12:02 Акчабар
Булганган абага кеткен чыгым 300 млн доллардан ашты

Тогуз жыл ичинде Кыргызстанда кир абадан улам саламаттыкты сактоого кеткен чыгымдар 388 миллион долларды түздү. Бул тууралуу БУУнун Өнүктүрүү жана Айлана-чөйрөнү коргоо программаларынын Бишкектеги абанын сапаты боюнча баяндамасында айтылды.

Маалыматка ылайык, Кыргызстанда жыл сайын каза болгондордун 13% абанын булганышынан көз жумат. “Абанын сапатын жакшыртуу инсульт, жүрөк оорулары, рак, өнөкөт жана курч респиратордук оорулар сыяктуу оорулардын санын азайтат”, - дешет адистер.

Белгилеп кетсек, Бишкек дайыма кыш мезгилинде абасы эң кир дүйнөдөгү беш шаардын катарына кирет. Бул көйгөй Бишкекте аба массаларынын начар аралашуусу менен курчуп жатат.

Тэги: экономика здравоохранение грязный воздух новости Кыргызстана

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу