Түркияда жабыркагандар үчүн атайын эсепке 5 млн сомго жакын түштү

13.02.2023, 10:42 Акчабар
Түркияда жабыркагандар үчүн атайын эсепке 5 млн сомго жакын түштү

Учурда Түркияда жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн ачылган атайын эсепке 4 миллион 958,8 миң сом жана 12,5 миң рубль которулду. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин Каржы министрлиги атайын эсепке 12 миллион сом чогулганын билдирген. Бирок, ал маалымат туура эмес болуп чыкты. Министрлик "Акчабарга" мурунку маалымат техникалык ката экендигин билдирди.

Эске сала кетсек, Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн Каржы министрлигинин Борбордук казынасында атайын бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган. Табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуга жардам берүүнү каалагандар сом, доллар, рубль жана евро менен каражат которсо болот.

 

Тэги: экономика новости Кыргызстана пострадавшие в Баткене спецсчет

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу