Өлкөдө экономикалык өсүштүн оң тенденциясы байкалууда — Амангелдиев

22.12.2021, 09:15 Акчабар
Өлкөдө экономикалык өсүштүн оң тенденциясы байкалууда — Амангелдиев

Ушул жылдын он айында Кыргызстанда экономикалык өсүштүн оң тенденциясы байкалды. Бул тууралуу Экономика жана соода министри Данияр Амангелдиев өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн алдын ала жыйынтыктары боюнча онлайн брифинг учурунда билдирди. Министр белгилегендей, быйыл кабыл алынган оперативдүү иш-чаралардын жана өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү программаларын ишке ашыруунун натыйжасында экономикалык жигердүүлүктү калыбына келтирүү процесси байкалууда.

"Январь-октябрь айларында ИДПнын реалдуу өсүшү 1,6% оң деңгээлге жетти, "Кумтөр" кенин иштетүүчү ишканаларды эсепке албаганда ИДПнын өсүшү 4,1% түздү", - деди ал.

Ведомство башчысынын айтымында, ИДПнын өсүшүнө негизги оң салымды тейлөө тармагы (+2,7 пайыздык пункт) камсыз кылды, мында реалдуу өсүш 6%ды түздү жана өнөр жай, Кумтөр кенин иштетүү боюнча ишканаларды эсепке албаганда, анда реалдуу өсүш 18,3% түздү (+1,78 пайыздык пункт).

"Тышкы соода жүгүртүүнүн калыбына келишинин негизинде кызмат көрсөтүүнүн айрым тармактарында туруктуу калыбына келтирүү байкалууда: сооданын өсүшү 10,9%, транспорттук кызмат көрсөтүүлөр – 20,2%, мейманкана жана ресторандардын ишмердүүлүгү – 13,2%, байланыш – 12,4%, мында ушул жылдын тогуз айы 19,6%ды түздү жана өлкөгө акча которуулардын оң өсүш темпи (17,6%), бул дүң жана чекене соода жана транспорт ишмердүүлүгүндөгү жигердүүлүктүн жогорулашынан көрүнүп турат", - деп кошумчалады Амангелдиев.

Ошол эле учурда айыл чарбасында өндүрүштүн 4,4%га, курулушта 5%га төмөндөшү тоскоол болуп калууда. Айыл чарба өндүрүшүнүн төмөндөшү негизинен айыл чарба өндүрүшүнүн татаал климаттык шарттарына байланыштуу. Быйылкы жайкы температуранын нормадан тышкары жогору болушу жана вегетация мезгилинде сугат суунун жетишсиздиги дан эгиндеринин тушумунун темендеп кетишине алып келген. 

Тэги: экономика Кыргызстан развитие ВВП

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу