Салык кодексинин жаңы редакциясы иштелүүдө

20.04.2021, 12:40 Акчабар
Салык кодексинин жаңы редакциясы иштелүүдө

Экономика жана каржы министрлиги Салык кодексинин жаңы редакциясынын долбоорун иштеп чыгуу үчүн бизнес ассоциациялардын жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда мекемелер аралык жумушчу топ түздү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Бийлик өлкөнүн салык мыйзамдарын заманбап экономикалык шарттарга ылайыкташтырууга жана салык төлөөчүлөрдүн ишмердүүлүгү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө ниеттенүүдө. Ушуга байланыштуу, Салык кодексинин жаңы редакциясын иштеп чыгуу төмөнкү бөлүктө каралган:

  • ашыкча КНСтин ордун толтуруунун жана кайтарып берүүнүн механизмин жөнөкөйлөтүү;
  • салык төлөөчүлөрдү тейлөө боюнча сервистик ыкманы киргизүү;
  • Кыргыз Республикасында салыктык талаш-тартыштарды кароонун альтернативдүү ыкмаларын караган механизмди иштеп чыгуу;
  • жеринде пландуу текшерүүлөрдү, эгерде салык төлөөчү Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде (Салык төлөөчүлөрдүн рейтингинде) белгиленген атайын критерийлерге жооп берсе, кайра карап чыгуу;
  • салыктык администрациялоо жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү;
  • салык мыйзамдарындагы карама-каршылыктарды жоюу жана талаштуу маселелерди салык төлөөчүнүн пайдасына чечүүгө багытталган так механизмди иштеп чыгуу.

Салык мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча сунушталган иш-чараларды жүзөгө ашыруунун натыйжасында департамент төмөнкүдөй өнүгүүнүн күтүлүп жаткан перспективаларын аныктады:

Бизнес үчүн:

  • салык милдеттенмелерин аткарууну жөнөкөйлөтүү;
  • бардык катышуучулардын салык милдеттенмелерин аткаруу үчүн капиталдык жана эксплуатациялык чыгымдарды минималдаштыруу;
  • отчеттуулукту жөнөкөйлөтүү, автоматташтыруу жана салык кызматкерлери менен байланышуу;
  • адилетсиз атаандаштыкты жоюу жана ата мекендик өндүрүүчүлөрдү коргоо;
  • үчүнчү өлкөлөргө жана ЕАЭБ мамлекеттерине өнүмдөрдүн экспортун көбөйтүү мүмкүнчүлүгү.

Акыркы керектөөчү үчүн:

  • товарлардын аныктыгына жана сапатына кепилдик;
  • ачык-айкын рынокто жетиштүү баа;
  • салыктык жеңилдиктерди алуу механизмдерин жөнөкөйлөтүү.

Мамлекет үчүн:

  • салык чогултууну көбөйтүү;
  • жеткирүү тизмеги боюнча товарлардын изделишин камсыз кылуу;
  • мыйзамсыз соода иштерин аныктоо мүмкүнчүлүгү;
  • жагымдуу инвестициялык климатты түзүү;
  • калктын мамлекеттик органдарга ишенимин бекемдөө;
  • социалдык-экономикалык чечимдерди кабыл алуунун натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу.

 

Тэги: Налоговый кодекс Минэкономики

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу