Кыргыз Республикасынын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын Элязыг провинциясынын ишкерлери менен биргеликте өндүрүш аянтын ачууну сунуштады. Бул тууралуу ал провинциянын соода палатасынын өкүлү Асилхан Арслан менен жолугушууда билдирди.
Ошондой эле, жолугушуунун жүрүшүндө Өмүралиев курулуш, кайра иштетүү жана тоо-кен өнөр жайы жана башка тармактардагы конкреттүү инвестициялык долбоорлорду сунуштады.
Өз кезегинде Асилхан Арслан 2021-жылдын 13-14-майында TOВВ делегациясынын курамында Бишкекке келгенден кийин, түрк ишкер чөйрөлөрү Кыргыз Республикасында келечектүү мүмкүнчүлүктөрдү көрүп, бизнес жүргүзүүгө кызыкдар экендигин айтты.
Элязыг провинциясынын Соода-өнөр жай палатасынын башчысы бардык мүмкүнчүлүктөрдү изилдеп чыккандан кийин, конкреттүү биргелешкен долбоорлор ишке ашырыларын билдирди.