Өлкөдө тышкы жана өз ара сооданын көлөмү 3,9% га төмөндөдү

12.05.2021, 11:00 Акчабар
Өлкөдө тышкы жана өз ара сооданын көлөмү 3,9% га төмөндөдү

Кыргызстанда 2021-жылдын январь-март айларында тышкы жана өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмү 1,4 миллиард долларды түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,9% га төмөндөгөн. Ошол эле учурда экспорттук ташуулар 8,9% га, импорттук түшүүлөр 1,5% га кыскарган. Бул боюнча Улуттук статистикалык комитет билдирди. 

Ушул жылдын январь-март айларында Кыргызстандын ЕАЭБ мамлекеттери менен өз ара соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 674 миллион долларды түзүп, 2020-жылдын январь-март айларына салыштырмалуу 5,3% га төмөндөгөн. Ал эми экспорт 10,2% га көбөйгөн, импорт болсо тескерисинче, 9,4% га төмөндөгөн.

Өз ара соода жүгүртүүнүн эң чоң үлүшү Орусияга (68,6%) жана Казакстанга (29,5%) туура келген. 

Тэги: Кыргызстан импорт экспорт ЕАЭС

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу