Сүт жана сүт азыктарын экспорттоонун көлөмү эки эсеге өстү

08.06.2021, 16:30 Акчабар
Сүт жана сүт азыктарын экспорттоонун көлөмү эки эсеге өстү

Кыргызстанда 2020-жылы 2016-жылга салыштырмалуу экспорттун жалпы көлөмү эки эсеге көбөйүп, жалпы суммасы 46 миллион долларды түзүп, дээрлик 35 миң тоннага жеткенин Улуттук статистика комитети билдирди.

Учурда мындай негизги сүт азыктары тышкы рынокко сунушталууда: каймак май (сүт базарынын көлөмүнүн 37%), сыр жана быштак (21%), коюлтулган жана кургак сүт (17%), ошондой эле коюлтулбаган сүт жана каймакты (13%) жана ачытылган сүт азыктары (болжол менен 11%).

Негизинен, сүт азыктары Казакстанга экспорттолгон, ал жакка 2020-жылы 24,1 млн долларга продукция жеткирилген. Бул ушул экспорттун жалпы экспорттун 52% дан ашыгын түзөт. 

Тэги: молоко экспорт молочных продуктов

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу