Региондорго банк кызматтарынын жеткиликтүүлүгү кеңейтилет

25.08.2022, 09:59 Акчабар
Региондорго банк кызматтарынын жеткиликтүүлүгү кеңейтилет

Улуттук банктын жетекчиси Кубанычбек Бөкөнтаев Министрлер кабинетинин жетекчиси Акылбек Жапаровдун төрагалыгы алдында банк сектору менен болгон жыйынга катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Жапаров финансылык кызмат көрсөтүүлөргө бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу жана калктын ишенимдүү санариптик системаларга болгон ишенимин жогорулатуу максатында финансылык инфраструктураны мындан ары өнүктүрүү жана алдыңкы технологияларды банк секторуна кеңири жайылтуу зарылдыгын белгиледи.

Ал банктарды тышкы жана ички рыноктордон инвестиция тартуу үчүн мамлекет менен өз ара аракеттенүүгө активдүү катышууга чакырды.

“Жыйындын катышуучулары банк секторунун эң актуалдуу маселелерин, көйгөйлөрдү жана банк тутумунун туруктуулугун мындан ары сактоо боюнча чараларды талкуулашты. Мындан тышкары, атамекендик банк секторун өнүктүрүүнүн перспективдүү багыттары, анын ичинде банк продуктыларынын региондук өкүлчүлүгүн кеңейтүү маселелери козголду”, - деп билдирди Улуттук банк.

Тэги: банки регионы Кыргызстан банковские услуги

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу