Кыргызстан эл аралык соодадагы негизги тоскоолдуктарды аныктады

29.04.2021, 10:20 Акчабар
Кыргызстан эл аралык соодадагы негизги тоскоолдуктарды аныктады

Экономика жана Каржы министрлиги менен Ready4Trade долбоору соодадагы тоскоолдуктар боюнча изилдөөнүн жыйынтыктарын чыгарышты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча эл аралык соодага тоскоол болгон төмөнкү факторлор аныкталды: транспорт (респонденттердин 48%), каржылоо (61%), бажыдагы бюрократиялык жол-жоболор (52%).

"Изилдөө өлкөдөгү үч соода агымына байланыштуу соодадагы ченемдик-укуктук жана тоскоолдуктарды аныктоо максатында жүргүзүлдү. Алар: сүт азыктарын Казакстанга экспорттоо, Европа Биримдигине буурчак өсүмдүктөрүн экспорттоо, Тажикстандан жаңы жашылча-жемиштерди импорттоо" деп айтылат маалыматта.

Министрдин орун басары Элдар Алишеров белгилегендей, талдоо Кыргызстан экспорттогон товарлардын эң приоритеттүү түрлөрүн камтыды.

“Бул талдоо мамлекеттик органдарга соода тармагындагы жоюлушу керек болгон көйгөйлөргө өзгөчө көңүл бурууга мүмкүндүк берет деп ишенимдүү айта алам. Бул өз кезегинде экспорттук потенциалыбыздын өсүшүнө да, региондук сооданын өнүктүрүүгө да оң таасирин тийгизет" дейт министрдин орун басары. 

Сурамжылоо экспорттук-импорттук операцияларды жөнгө салууга жана көзөмөлдөөгө катышкан 50 ишкананын, кызмат көрсөтүүчүлөрдүн жана мамлекеттик органдардын арасында жүргүзүлдү.

Маалымат үчүн:

Ready4Trade Central Asia долбоору чек аралардагы талаптардын ачыктыгын жогорулатуу, жөнгө салуучу жана процедуралык тоскоолдуктарды жоюу, ишкерлердин соода формалдуулугун сактоо мүмкүнчүлүгүн күчөтүү аркылуу Борбор Азиянын беш өлкөсүндө регион ичиндеги жана эл аралык сооданы өнүктүрүүгө багытталган. Долбоор эл аралык соода борбору тарабынан улуттук өнөктөштөр менен тыгыз кызматташтыкта ​​ишке ашырылууда жана Европа Биримдиги тарабынан каржыланат.

 

 

Тэги: экспорт внешняя торговля

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу