Кыргыстанда суюк азот өндүрүүчү завод ачылды

02.09.2021, 17:45 Акчабар
Кыргыстанда суюк азот өндүрүүчү завод ачылды

Айыл, суу чарба жана регионду өнүктүрүү министрлигинин "ЭЛИТА" айыл чарба жаныбарларын жасалма уруктандыруу боюнча мамлекеттик асыл тукум станциясынын аймагында суюк азот заводу ачылды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Министрлик мал чарбасына жакшы шарттар эт жана сүт азыктарын өндүрүү үчүн бука жана койлорду импорттоого жана алардын үрөндөрүн республика боюнча таратууга мүмкүндүк берерине ишенет. Мындан тышкары таза кандуу кыргыз жылкыларынын саны көбөйөт.

"ЭЛИТАдагы" суюк азот заводу Чүй, Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарын камсыздай алат. Ушундай эле заводдун курулушу Ош облусунун Кара-Суу районунун Катта-Талдык айылында башталган.

Кошумча маалымат:

Бул завод саатына 20 литр суюк азот өндүрөт. Күнүнө 400 литрден ашык суюк азот өндүрөт. Суюк азот жасалма уруктандырууда колдонулат.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу