ЕАЭБдеги азык-түлүккө баанын эң чоң өсүшү 1-кварталда Кыргызстанда катталган

14.06.2021, 15:30 Акчабар
ЕАЭБдеги азык-түлүккө баанын эң чоң өсүшү 1-кварталда Кыргызстанда катталган

Ушул жылдын январь-март айларында, 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу, Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринде керектөө баалары жогорулады. Мындай маалыматтарды Евразия экономикалык комиссиясы билдирди. 

Орточо алганда, биримдикте өсүш 6% ды түздү. Азык-түлүктүн баасынын эң чоң өсүшү Кыргызстанда 15,9% га, Казакстанда 11,2% га катталды. Азык-түлүк эмес товарларга баанын эң чоң өсүшү Беларусияда (9,2%) жана Арменияда (6,9%) белгиленди. Акы төлөнүүчү кызматтарга баалар Беларусияда (8,5%), Казакстанда (3,9%) жана Кыргызстанда (3,7%) бир кыйла жогорулады.

Быйылкы жылдын январь-март айларында Кыргызстандагы орточо номиналдык эмгек акы 223 долларды, же 18,8 миң сомду түзгөн. Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттерине салыштырмалуу бул эң төмөнкү көрсөткүч деп бааланды. 

Тэги: прирост цен ЕАЭС

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу