Кыргызстанда эгин жыйноонун темпи жогорулады

10.08.2022, 11:54 Акчабар
Кыргызстанда эгин жыйноонун темпи жогорулады

Кыргызстанда дан эгиндерин чаап-жыйноонун темпи бир кыйла жогорулады. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.

Алсак, 23-июлда 243 миң гектар аянттан кылкандуу дан эгиндери чабылып, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5,4%га көп болуп, 641 миң тонна же 2,3 эсе көп дан жыйналды.

Өткөн жылга салыштырмалуу арпанын (2,6 эсеге), буудайдын (2 эсеге), мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн (20 пайызга) жана картошканын (8 пайызга) дүң жыйымы бир кыйла өстү.

Эске салсак, 14-июлда Министрлер кабинетинин жыйынында президент Садыр Жапаров айыл чарба министрлигинин ишин начар аткаргандыгы үчүн сынга алган. Алсак, ведомствого бир топ бюджеттик каражат бөлүнүп, айыл чарбасында ИДПнын өсүшү 2%ды гана түзгөн. Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков сынга жооп берип жатып, көрсөткүчтөрдүн реалдуу өсүшү быйылкы жылдын экинчи жарымында түшүм жыйноо башталганда болот деп билдирген болчу.

Тэги: Минсельхоз Сбор урожая

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу