Кыргызстанда беш айда өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жүргүнчүлөрдү ташуу 16% өстү. Муну Евразия экономикалык комиссиясынын маалыматы тастыктайт.
Жалпысынан ЕАЭБ мейкиндигинде жүргүнчүлөрдү ташуу бир жыл ичинде 12,8%га өскөн. Биримдик өлкөлөрүнүн арасында максималдуу өсүш Арменияда катталган – 44,2%.
Тиешелүү мезгил ичинде жүргүнчүлөрдү ташуу жүгүртүүсүнүн өсүшү ЕАЭБдин бардык өлкөлөрүндө катталган, бирок Белоруссияда минималдуу пайыздык көрсөткүч белгиленген – болгону 1%.
Казакстанда жүргүнчүлөрдү ташуунун көлөмү 16,9%, Россияда 6,8% өскөн.
Белгилеп кетсек, биримдиктин жашоочулары негизинен аба транспортун колдонууну туура көрүшөт.