Кыргызстан калдыктардан 3,5 млрд долларлык алтын казууну пландоодо

08.02.2023, 10:42 Акчабар
Кыргызстан калдыктардан 3,5 млрд долларлык алтын казууну пландоодо

Президент Садыр Жапаров 7-февралда жумушчу кеңешме өткөрүп, анда “Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын 2022-жылга карата өндүрүштүк ишмердүүлүгүнүн отчету жана жакынкы келечекке пландары каралды.

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК президенти Алмаз Барыктабасовдун маалыматына ылайык, 2022-жылдын 12 айында “Кумтөрдө” 17,3  тонна алтын өндүрүлгөн. Жыл башынан бери компания салык жана милдеттүү төлөмдөрдү 32,1 млрд сом суммасында которгон, план боюнча 30,1 млрд сом болчу. Муну менен төлөмдөрдү которуу 6,6% жогору болду.

Алмаз Барыктабасов ошондой эле заманбап технологияны колдонуу менен алтынды алып чыгуу максатында кендеги калдыктарды сактоочу жайдагы (хвостохранилище) калдыктарды кайра иштетүү пландары жөнүндө айтып берди.

Калдык сактоочу жайдагы калдыктар жарым кургак зыянсыз аралашмага иштелип чыгат. 2026-жылдан тартып калдык сактоочу жайдагы калдыктарды кайра иштетүүдөн алтын алынып башталат. Ошентип жыл сайын 4,7 тоннадай алтын алынары пландалууда.

Калдык сактоочу жайдагы калдыктарды толук кайра иштетүү 2040-жылга чейин болот. Калдык сактоочу жайдан алынган алтындын жалпы баасы дээрлик 3,5 млрд АКШ доллар деп бааланууда.

Өз кезегинде Садыр Жапаров “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун ачык-айкын ишмердүүлүгүн камсыздоого, айрыкча жабдууларды жана башка керектүү буюмдарды сатып алуу сыяктуу тармактарда коррупцияны болтурбоого өзгөчө көңүл бурду.

Тэги: Экономика 2023 золото Кумтора Алмаз Барыктабасов Президент Садыр Жапаров золото новости Кыргызстана

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу