«Жеткиликтүү турак-жай» программасы аркылуу 5.2 млрд сомго 4 миң ипотекалык насыя берилген. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков жыл жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйында билдирди.
Мамлекет башчы, турак-жай программасы аркылуу 16 миң жаран турак-жайлуу болгонун белгиледи.
«Мамлекеттик ипотеканын пайыздык чени 12 пайыздан, 6 пайызга чейин азайган. Мындан сырткары, мурун жеңилдетилген турак-жай насыяны бюджеттик кызматкерлер гана ала турган болсо, бүгүнкү күндө ипотека бардык жарандар үчүн жеткиликтүү», — деп билдирди Сооронбай Жээнбеков.