Жол эрежесин бузгандыгы үчүн айыптар төмөндөтүлдү

05.08.2021, 13:00 Акчабар
Жол эрежесин бузгандыгы үчүн айыптар төмөндөтүлдү

Садыр Жапаров жол эрежесин бузгандыгы үчүн айып пулду азайтуу боюнча мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин сайтында маалымдалды.

Мыйзамда белгиленгендей, эгерде айыппул чечим кабыл алынган күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде төлөнсө, анда анын өлчөмү 70%га кыскарат. Бул төмөнкүлөргө тиешелүү:

  • Мотошлемдерди же коопсуздук курларын пайдалануу эрежелерин бузууда;
  • Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын кыймылдын белгиленген ылдамдыгынан 10 км/сааттан көп, бирок 20 км/сааттан көп эмес ашканда;
  • Жол белгилеринин талаптарын аткарбоо, жолдун жүрүүчү бөлүгүндөгү чийиндердин талаптарын аткарбоо (каршы кыймылдын тилкесине чыгуу менен кууп өтүүнү же болбосо маневр жасоо эрежелерин бузууларды кошпогондо);
  • токтоо же токтоп туруу эрежелерин бузуу;
  • коопсуз дистанцияны, интервалды сактабоо же болбосо жолдун жүрүүчү бөлүгүндө транспорт каражаттарын жайгаштырууну бузуу же автомагистралдар боюнча жүрүү эрежелерин бузуу;
  • светофордун тыюу салуучу сигналы же жөнгө салуучунун тыюу салуучу жаңсоосу болгондо жол белгилери же жолдун жүрүүчү бөлүгүнүн чийиндери менен белгиленген стоп-линиянын алдында токтоо жөнүндө Жол кыймылынын эрежелеринин талаптарын аткарбоо;
  • каршы кыймыл тилкесине чыкпай туруп кууп өтүү же маневр жасоо эрежелерин бузуу;
  • тышкы жарык берүүчү приборлорду же болбосо эскертүүчү сигналдарды пайдалануу эрежелерин бузууда (бардык механикалык транспорт каражаттарына сутканын жарык убагында калктуу конуштардан тышкары жерлерде фаранын жандырылган жакын жарыгы менен жүрүү талаптарын кошпогондо). 

Ошентип, мындай учурларда айыптын өлчөмү 300 сомду түзөт. 

 

 

 

 

Тэги: штрафы пдд Садыр Жапаров экономика дороги

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу