Таласта 36 тонна күйүүчү-майлоочу майды мыйзамсыз алып кирүү аракети болду

09.01.2023, 12:45 Акчабар
Таласта 36 тонна күйүүчү-майлоочу майды мыйзамсыз алып кирүү аракети болду

УКМКнын Талас облусу боюнча башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө милдеттүү салыктык чегерүүлөрдү төлөбөстөн күйүүчү-майлоочу майларды мыйзамсыз алып келүү аракети токтотулду. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 7-январда Талас районунун Кара-Ой айылында DAF үлгүсүндөгү унаа кармалган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө 3 миллион сомдон ашык суммага 36 тонна күйүүчү-майлоочу май табылган.

Учурда күйүүчү-майлоочу майлардын келип чыгышынын бардык жагдайларын изилдөө, ошондой эле милдеттүү салыктык чегерүүлөрдү төлөбөй коюу түрүндөгү зыяндын көлөмүн аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Тэги: экономика новости Кыргызстана ГСМ ГКНБ

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу