Кыргызстанда эми жашыл каржылоо кепилденет

12.12.2022, 10:49 Акчабар
Кыргызстанда эми жашыл каржылоо кепилденет

“Кепилдик фонду” жашыл каржылоо принциптеринин негизинде ата мекендик ишкерлерди колдоо үчүн иштелип чыккан жаңы “GREEN” өнүмүн бекитүү менен кепилдик өнүмдөрдүн түрүн кеңейтти. 

“GREEN” кепилдик өнүм паспорту төмөнкү негизги багыттарды камтыйт:

  • жашыл энергия жана энергияны үнөмдөө;жашыл айыл чарбасы;
  • жашыл өнөр жай;
  • аз көмүртектүү жана экологиялык таза транспорт;
  • туруктуу туризм;
  • муниципалдык таштандыларды башкаруу;
  • жашыл шаарлар. 

“GREEN” паспорт боюнча кепилдиктин суммасы 20 миллион сомдон, кредиттин суммасынын кепилдик үлүшү 50%дан ашпайт. Кепилдик төлөм экономиканын бардык тармактары үчүн 2%ды түзөт.

Бүгүнкү күндө бизнес өкүлдөрү “Кепилдик фонду” ААК гарантиялык өнүмүнүн жети түрүн колдоно алат. Алар “Горизонт”, "Корпоративдик", "Гарант Экспресс", "Гарант плюс", "Береке", “Лизинг” жана“GREEN” .

Өнүмдөр ишкерлердин коммерциялык насыяларга болгон муктаждыктарын канааттандырууга жана өнөктөш банктар тарабынан колдонуунун жеңилдигине багытталган. Алар күрөөнүн жетишсиздиги менен насыя алуу үчүн жөнөкөй, ыңгайлуу жана жогорку ликвиддүү финансылык инструмент болуп саналат.

Кепилдик 18 өнөктөш банктан, үч микрофинансылык компаниядан, Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан жана Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фондунан насыя алуу үчүн берилген.

 

Тэги: новости Кыргызстана экономика Гарантийный фонд

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу