Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев өзүнүн Telegram-каналында Индиядан келген ишкерлер үчүн визасыз режим киргизүүнү сунуштады.
"Инвесторлорду тартуу үчүн Индиядан келген ишкерлерге Казакстан же Өзбекстандагыдай 7-10 күнгө визасыз режим киргизүү керек", - деди депутат.
Анын пикиринде, бул чечим жагымдуу шарттарды түзүп, өлкөгө капиталды тартууга жардам берет.