Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мейкинбек Абдалиев студент бюджеттик негизде окууга киришерден мурун, Министрлер кабинети студент менен бир нече жыл аймактарда иштей турганы тууралуу келишим түзүшү керек деген пикирин билдирди.
Анын айтымында, 20 миңден ашуун калк жашаган Майлуу-Суу шаарында башка көптөгөн шаар-кыштактардагыдай эле дарыгерлер жок, студенттер мамлекеттин эсебинен окуп, чет өлкөлөргө иштеп кетип жатышат.