Тогуз мамлекеттин жарандары Кыргызстанга визасыз кирүүгө уруксат алууну каалашат

26.04.2021, 18:00 Акчабар
Тогуз мамлекеттин жарандары Кыргызстанга визасыз кирүүгө уруксат алууну каалашат

Жогорку Кеңеш “Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейин визасыз режимди киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу ”мыйзам долбоорун экинчи окууда карады. Бул тууралуу ЖКнын сайтында маалымдалды.

Мыйзам долбоорунда жарандары Кыргызстанга 60 күнгө чейин визасыз саякатка бара турган өлкөлөрдүн тизмесин кеңейтүү сунушталууда.

Мындан тышкары, тизмеге тогуз өлкөнү киргизүү сунушталды: Болгария, Вьетнам, Албания, Израиль, Мексика, Таиланд, Кипр, Македония, Румыния.

Талкуу жүрүшүндө депутаттар өкмөттүн укуктарын аныктоого байланыштуу ченемдерге түзөтүүлөрдү киргизгенден кийин, ушул мыйзам долбоорун кароону чечишти.

Тэги: визы Кыргызстан законопроект

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу