Кыргызстандын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол фонду түзүлдү. Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.
Аталган чечим аталган министрликке коюлган милдеттерди эффективдүү ишке ашыруу, натыйжаларга жетишүү үчүн жоопкерчиликти жогорулатуу максатында кабыл алынган.
Мындан улам президенттин “КРнын министрлер кабинетинин түзүмү жана курамы жана КРнын президентинин администрациясынын түзүмү жөнүндө” жарлыгына ылайык, Жол фонду жана бир катар мамлекеттик ишканаларды жана мекемелерди кошуу жолу менен “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасын түзүү чечими кабыл алынды.
Ошондой эле “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасы жол-курулушу тармагындагы бир катар ишканалардын укук мураскери болуп эсептелет деп белгиленген.