Ишкердикти текшерүүгө мораторий 2022-жылдын аягына чейин узартылды

03.12.2020, 09:45 Акчабар
Ишкердикти текшерүүгө мораторий 2022-жылдын аягына чейин узартылды

 

Кыргыз өкмөтү ишкерлерди текшерүүгө мораторийди 2022-жылдын аягына чейин узартты. Токтомго премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков кол койду.

Белгилей кетсек, буга чейин Экономика министрлиги мораторийди ишкерлердин бизнеске өтө терс таасирин тийгизип жаткан укук коргоо органдары тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүлөр боюнча арыздарынан улам узартууну сунуш кылган. Бул көрүнүш экономиканын көмүскө секторунун көбөйүшүнө жана бизнес баштоо активдүүлүгүнүн төмөндөшүнө өбөлгө түзөт жана жалпысынан өлкөнүн инвестициялык климатына терс таасирин тийгизет.

 

Бажы көзөмөлүндөгү товарларга карата Бажы кызматы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүлөргө мораторий колдонулбайт.

Тэги: мораторий бизнес предпринимательство

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу