Кыргызстанда сүт өндүрүү дээрлик 2,1% өстү

28.09.2022, 14:26 Акчабар
Кыргызстанда сүт өндүрүү дээрлик 2,1% өстү

Ушул жылдын январь-август айларында Кыргызстанда сүт өндүрүү 2,1%га өстү. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет билдирет.

Алсак, сегиз айда сүт өндүрүү 1 миллион 181 миң 262 тоннаны түзсө, былтыркы жылдын ушул мезгилинде 1 миллион 157 миң 140,3 тоннаны түзгөн. Ошол эле учурда июль айында 2021-жылдын июль айына салыштырмалуу 4 миң 156 тоннага көп өндүрүлгөн.

Белгилеп кетсек, аймактардын контекстинде сүт өндүрүү боюнча алдыңкы орунда Чүй облусу (295 миң 334,1 тонна), Жалал-Абад (253 миң 703,4 тонна) жана Ош облусу (234 миң 433,4 тонна) турат.

Тэги: новости Кыргызстана производство молока

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу