Кыргызстанда кыргыз-түрк бизнес форуму өтөт

04.05.2021, 15:00 Акчабар
Кыргызстанда кыргыз-түрк бизнес форуму өтөт

Кыргызстанда өтө турган бизнес форумга түрк ишкерлери дагы келет. Алар форумга Түркиядагы товардык биржалар аркылуу катышат. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиевдин Түркия Палаталар жана Биржалар Бирлигинин президенти Рифат Хисарчыклыоглу менен жолугушуусунда белгилүү болду.

Кыргыз-түрк форуму эки мамлекеттин соода-экономикалык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын 2021-жылдын июль айында Ысык-Көл облусунда пландаштырылган 10-жыйынынын алкагында өтөт.

«Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана уюшкан өнөр жай зоналары үчүн мыйзамдарды иштеп чыгуу, тажрыйба алмашуу, электромобилдерди чыгаруу, катуу таштандыларды кайра иштетүү, бажыны модернизациялоо, Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасын реформалоо маселелерин талкуулашты», - деп билдирди Тышкы иштер министрлигинен.

Кошумчалай кетсек, жакынкы күндөрү Түркия Палаталар жана Биржалар Бирлигинин президенти Рифат Хисаржыклыоглу Кыргызстанга келүүнү пландаштырып жатат.

 

Тэги: экономика МИД Турция ТПП КР

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу