Баткен облусунун аймагында контрабандага каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө "Кадамжай" постунан кыргыз жараны башкарып бара жаткан "Мерседес-Бенц" үлгүсүндөгү унаа кармалган. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди.
Унааны текшерүү учурунда мыйзамсыз ташылып бара жаткан жалпы салмагы 16 тонналык өзгөн күрүчү табылган.
Алдын ала маалыматтар боюнча, товардын баасы 2 миллион сомду түзөт.
Бул факты боюнча учурда тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат.
$ млн
Столько составили за полгода доходы от приема иностранных граждан в Кыргызстане