Кыргызстанда маданият кызматкерлеринин эмгек акыларын 50% га көтөрүү пландаштырылууда

13.07.2021, 10:00 Акчабар
Кыргызстанда маданият кызматкерлеринин эмгек акыларын 50% га көтөрүү пландаштырылууда

Маданий, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлеринин эмгек акыларын 50% га көтөрүү пландаштырылууда. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Экономика жана каржы министрлигинин сайтында айтылат.

Билдирүүдө ошондой эле учурда бул тармакка 8 миңден ашуун адам тартылгандыгы айтылат. Маданият, маалымат жана искусство кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу үчүн республикалык бюджетте 226,6 миллион сом каралган.

Кошумчалай кетсек, 2021-жылдын 1-июлунан баштап саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатууга 1 миллиард 884,8 миллион сом каралган.

Тэги: зарплата работники культуры бюджетники республиканский бюджет

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу