Быйыл январь-сентябрь айларында өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу өлкө боюнча керектөө бааларынын жана тарифтеринин өсүшү 10,6% болду. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.
Анда алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки буюмдарына баалар 17%га, тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз ичимдиктерге - 12,4%га, азык-түлүк эмес товарларга - 7,6%га, калкка көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөргө тарифтер 6,6%га жогорулады.
“Быйыл өлкөнүн бардык аймагында январь-сентябрь айларында керектөө баалары жана тарифтери жогорулаганы байкалды. Алсак, Нарын облусунда баанын максималдуу өсүшү 15%ды түздү. Бул башка аймактарга салыштырмалуу алкоголдук ичимдиктерге жана тамекилерге 41,3%га жана азык-түлүк эмес товарларга баалардын 10%га эң көп өсүшү менен шартталган”, - деп белгилейт Улуттук статистикалык комитет.