Кыргызстанда 1-июлдан тарта тамекини жана алкоголдук продукцияны милдеттүү түрдө маркалоо киргизилген

31.05.2021, 10:40 Акчабар
Кыргызстанда 1-июлдан тарта тамекини жана алкоголдук продукцияны милдеттүү түрдө маркалоо киргизилген

Кыргызстанда ушул жылдын 1-июлунан тартып спирт ичимдиктерин жана тамеки буюмдарын санарип идентификация каражаттары менен милдеттүү түрдө маркалоо киргизилет. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

2022-жылдын 1-январынан тартып өлкөдө маркасы жок алкоголдук жана тамеки өнүмдөрүнүн жүгүртүлүшүнө тыюу салынган.

Милдеттүү маркалоого арак, алкоголдук ичимдиктер, байытылган суусундуктар, байытылган ширелер жана бальзамдар, шараптар, коньяктар (коньяк спиртинен башка), газдалган шараптар (анын ичинде шампан), алкоголу аз суусундуктар, тамеки (чыпкалуу, чыпкасыз) жана тамеки ысытылган азыктар (ысытылган тамеки таягы, ысытылган тамеки капсуласы) кирет.

Тэги: маркировка товаров алкоголь

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу