Алдыдагы пенсиянын базалык бөлүгүн белгилөөнүн жана пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүн индексациялоонун жыйынтыгы боюнча жалпы пенсиянын орточо өлчөмү 8800 сомду түзөт. Бул орточо өлчөмдөн болжол менен 2000 сомго жогору. Токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Социалдык фонддун маалыматы боюнча, 1-июлга карата пенсиянын орточо өлчөмү 6 миң 174 сомду түзөт.
Социалдык фонддун алдын ала эсептөөлөрү боюнча, ушул жылдын 1-октябрына карата пенсионерлердин саны 735,7 миң адамды түзөт.
“2022-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн индексациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин токтомунун долбоорунун максаты – пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн индексациялоо жолу менен пенсионерлерди коргоону камсыз кылуу.
"Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен пенсионерлердин жашоо деңгээлин мындан ары колдоо максатында Социалдык фонддун бюджетинде каралган каражаттарды эске алуу менен, Министрлер кабинетинин токтомунун долбоору 2022-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмүнө индексациялоо коэффициентин 1,15 өлчөмүндө бекитүүнү жана индексациялоону (пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүн 15%га көбөйтүүнү) сунуштайт", деп айтылат документте.
Пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүн көбөйтүүгө чыгымдар Социалдык фонддун бюджетинде каралган. Бул максаттар үчүн 1 миллиард 341 миллион 300 миң сом талап кылынат.
Ошондой эле 1-октябрдан тарта пенсиянын базалык бөлүгү 3 миң 170 сомго чейин көтөрүлөрү айтылды.