Кыргызстанда жумушсуздардын саны кыскарды

06.12.2022, 17:42 Акчабар
Кыргызстанда жумушсуздардын саны кыскарды

Ушул жылдын 1-ноябрына карата мамлекеттик иш менен камсыз кылуу кызматында каттоодо турган жумушсуздардын саны 101,8 миң адамды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитетт жарыялаган “Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жана жакырчылык” аттуу маалымат бюллетенинде баяндалат. 

Документте жумушсуздуктун көрсөткүчү өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу 1,6%га азайганы айтылат. Ошол эле учурда катталган жумушсуздардын саны да 3,9% азайып, 76 миң адамды түзгөн.

Катталган жумушсуздардын жалпы санынын 44,8%ы аялдар болгон. 

Жалпы жумушчу күчүндө катталган жумушсуздуктун деңгээли 2,8%ды түзгөн.

Тизмедегилер буга чейин катталган жана жаңы катталган жумушсуздардан жана эки жолу жумушка орношуудан баш тарткан адамдардан, ошондой эле, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарда катталган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде келбей калган адамдардан түзүлөт. 

 

Тэги: новости Кыргызстана экономика безработица Нацстатком

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу