Кыргызстанда туризм ресурстарынын мамлекеттик реестри түзүлөт

01.02.2024, 10:43 Акчабар
Кыргызстанда туризм ресурстарынын мамлекеттик реестри түзүлөт

Кыргызстанда туризм субъекттеринин жана ресурстарынын мамлекеттик реестри түзүлөт. Бул тууралуу Туризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематова билдирди.

Анын айтымында, алгач туристтик ресурстар менен иш жүргүзүлүп, ачык жана мыйзамга ылайык туризм тармагында иштөөгө даяр болгондордун баары реестрге киргизилип, алар департаменттин сайтында жалпыга ачык болот.

“Биздин сайт тууралуу айтсак, биз аны модернизацияладык, анализден кийин чет элдик туристтердин 70%ы биздин сайт менен таанышкандан кийин келет экен”, - деди ал.

Жалпысынан учурда өлкөдө инфраструктураны жакшыртуу боюнча жигердүү иштер жүрүп жатат. Тактап айтканда, жыл аягына чейин Дүйнөлүк банктын колдоосу менен 5 тейлөө борборун куруу пландалууда. 

Тэги: новости экономика Кыргызстана туризм

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу