Кыргызстанда жыл башынан бери ички дүң өнүмү өстү

12.12.2022, 14:25 Акчабар
Кыргызстанда жыл башынан бери ички дүң өнүмү өстү

Ички дүң өнүмү (ИДӨ) алдын ала эсептөөлөр боюнча 2022-жылдын январь-ноябрь айларында 781 миллиард сомдон ашты. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 7%га өстү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирди. 

“Кумтөр” кенин иштетүү боюнча ишканаларды эсепке албаганда, ИДӨнүн көлөмү өткөн жылдын январь-ноябрь айларына салыштырмалуу 4,8%га көбөйүп, 726,3 млрд сомду түзгөн. 

ИДӨнүн өсүшүнө товардык өндүрүш, тейлөө тармактары таасир берет. Мында өткөн жылдын январь-ноябрына салыштырмалуу товардык өндүрүш тармактарынын өсүү темпи 9,7%га өссө, 2021-жылдын январь-ноябрь айларында тескерисинче 2,3%га төмөндөгөн. Кызмат көрсөтүү тармагынын өсүү темпи 2021-жылдын январь-ноябрына салыштырмалуу 4,4%га өскөн (2021-жылдын январь-ноябрында 6,5%га).

ИДӨнүн түзүмүндө эң чоң үлүштү (45,5%) тейлөө тармактары ээлеп, алардын көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,5 пайыздык пунктка өскөн. Мында товарларды чыгаруучу тармактардын салыштырма салмагы, тескерисинче, бул мезгилде 3,5 процентке көбөйүп, 38,6 % түзгөн. Мында ИДӨнүн түзүмүндө айыл чарбасынын үлүшү өткөн жылдын январь-ноябрына салыштырмалуу 2,6 пайыздык пунктка, курулуш 0,6 пайыздык пунктка жана өнөр жайдын үлүшү 0,3 пайыздык пунктка кыскарган.

 

Тэги: новости Кыргызстана экономика ВВП Нацстатком

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу