Тонировкалоого уруксат 80 миң сом болот. Чет элдиктер үчүн андан да кымбат

23.05.2022, 16:48 Акчабар
Тонировкалоого уруксат 80 миң сом болот. Чет элдиктер үчүн андан да кымбат

Министрлер кабинети транспорт каражаттарынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин караңгылатуу үчүн жыйымды төлөө жана уруксатты каттоо тартибин бекитти. Мындай чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Ага ылайыу, Ички иштер министрлигинин "Унаа"мамлекеттик мекемеси автотранспорт каражаттарынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин караңгылатууга уруксатты тариздөө боюнча ыйгарым укуктуу орган болуп дайындалды.

Тонировкалоого уруксат алуу үчүн жеке жактар (КР жарандарына) 80 000 сом, юридикалык жактар 100 000 сом, чет элдиктер 120 000 сом төлөйт.

Автотранспорт каражаттарынын алдыңкы каптал айнектерин караңгылатууга уруксат үчүн төлөм накталай акча каражаттарын салуу же республикалык бюджетке которуу жолу менен жүргүзүлөт.

Уруксат 1 жылдык мөөнөткө берилет, эгерде менчик ээси уруксаттын мөөнөтү аяктаганга чейин колдонуудан баш тартса, төлөнгөн жыйым уруксатты пайдалануу мөөнөтүнө карабастан кайтарылбайт.

Жүргүнчүлөрдү ташыган жеңил автомобилдерден (таксиден) башка М-1 категориясындагы транспорт каражаттарын тонировкалоого уруксат берилет.

Ошондой эле белгилей кетүүчү нерсе, транспорт каражаттарынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин караңгылатууда арыз ээсинин каалоосу боюнча жарык өткөрүү коэффицентине чектөөсүз жол берилет.

Тэги: тонировка кабмин Акылбек Жапаров

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу