Ушул жылдын биринчи жарымында микрокредиттик уюмдар 17,7 миллиард сомго насыя берсе, аны алуучулардын саны 329 миң адамды түздү, деп билдирди Улуттук статистикалык комитеттегилер.
2020-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу микрокредиттөө менен камтылган калктын саны 14%га азайган, ал эми берилген микрокредиттердин көлөмү, тескерисинче, 10%га өскөн.
Микрокредиттердин эң чоң суммасы Ош облусунун (22%), Бишкек (17%дан ашык), Жалал-Абад жана Чүй (ар бири 14%) облустарынын тургундарына берилди.
"Ушул жылдын биринчи жарымында берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн үчтөн бири (33%) айыл чарбасындагы ишмердүүлүктү өнүктүрүүгө багытталган, 32% керектөө муктаждыктары үчүн, 11% соода жана коомдук коомдук тамактануу, 7,5% курулуш үчүн", - деп билдирди статистика комитети.